Жалал-Абад облусунда калктын саламаттыгын сактоо маселелери боюнча Координациялык комиссиянын жыйыны өтүп, анда энелердин өлүмүнүн алдын алуу, балдарды эмдөө, Аксы районундагы саламаттык сактоо мекемелеринин материалдык-техникалык абалы жана инфекциялык контролдоо боюнча талаптардын аткарылышы каралды.
Жыйынды Кыргыз Республикасынын Президентинин Жалал-Абад облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн орун басары, Координациялык комиссиянын төрагасы Исламбек Увайдиллаев алып барды.
Жыйында облуста энелердин өлүмүнүн алдын алуу боюнча жүргүзүлүп жаткан иштердин абалы талкууланды. Маалыматка ылайык, жыл башынан бери Манас шаарында 2, Аксы районунда 1 эненин өлүмү катталган. Бул көрсөткүч өткөн жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу 3 учурга аз.
Балдарды эмдөө маселесине да өзгөчө көңүл бурулду. Маалыматка ылайык, 2026-жылдын 8 айында эмдөөдөн баш тарткандардын саны өткөн жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу дээрлик эки эсеге өскөн. Ал эми Майлуу-Суу шаарында бир жашка чейинки балдардын 12 пайызы эмдөөдөн баш тартканы белгиленди.
Ушуга байланыштуу эмдөөдөн баш тартуунун себептерин аныктоо, ата-энелер арасында түшүндүрүү иштерин күчөтүү жана пландуу эмдөөлөрдүн аткарылышын камсыз кылуу боюнча тапшырмалар берилди.
Ошондой эле Аксы районундагы санитардык-эпидемиологиялык абал каралды. Атап айтканда, саркынды сууларды тазалоочу курулманын абалы, ичүүчү суу булактарын санитардык талаптарга ылайык пайдалануу маселелери көтөрүлдү. Аныкталган кемчиликтерди жоюу боюнча тиешелүү чараларды көрүү тапшырылды.
Жыйында эмдөө иштеринде жана санитардык талаптарды сактоодо кемчиликтерге жол берген Майлуу-Суу шаарынын жана Аксы районунун жалпы дарыгерлер практикалык борборлорунун жетекчилерине тартиптик чара көрүү маселесин кароо боюнча Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлигине сунуш жөнөтүү чечими кабыл алынды.






