
Базылбеков Манасбек Базылбекович
Аппарат жетекчиси

Өмүр баян
Манасбек Базылбеков 1995-жылдын 15-сентябрында туулган. Жогорку юридикалык билимге ээ. 3-класстагы мамлекеттик жарандык кызматтын кеңешчиси класстык ченине ээ. Жол коопсуздугу жана европалык инновациялык чечимдер боюнча тажрыйба алмашуу программаларына (Литва, Австрия, Нидерланды) катышкан. Евразиялык изилдөөлөр институтунун Ф. Н. Плевако атындагы стипендиаты жана ЕККУ менен American Councils уюмдарынын “Жогорку Кеңештеги стажировка” программасынын стипендиаты (2015-жыл). Бир катар мамлекеттик жана ведомстволук сыйлыктарга татыктуу болгон.
Билими
2011 — 2014
Ж. Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университетинин Кесиптик юридикалык колледжи, “Юриспруденция” адистиги, Юрист
2014 — 2017
Ж. Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университетинин алдындагы Юридикалык институт, Бакалавр
2017 — 2019
Ж. Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университетинин алдындагы Юридикалык институт, Магистратура
Эмгек жолу
2019
Башкы директор, “Премьер Право” ЖЧК
Министрдин жардамчысы жана кеңешчиси, Кыргыз Республикасынын Транспорт жана коммуникациялар министрлиги
Директордун орун басары, “Өндүрүштүк-инновациялык борбор” мамлекеттик мекемеси
Башкы директор, “БМБ Глобал” ЖЧК
Директордун жардамчысы жана кеңешчиси, Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Инвестициялар боюнча улуттук агенттик
Ыйгарым укуктуу өкүлдүн жардамчысы, Кыргыз Республикасынын Президентинин Жалал-Абад облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн аппараты
