Экономика

Облус 2026/2027-жылдардын күз-кыш мезгилине даярданууда

Кыргыз Республикасынын Президентинин Жалал-Абад облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн Экономика жана регионду комплекстүү өнүктүрүү бөлүмүнүн маалыматы

Жалал-Абад облусунун экономика тармактарын жана калкын 2026/2027-жылдагы күз- кыш мезгилине даярдоо боюнча

Жалал-Абад облусунда Электр энергиясын жана кубаттуулукту керектөөнүн белгиленген лимиттерин сактоону контролду жана чараларды көрүүнү камсыз кылууда “Жалал-Абад электр тармактары ишканасы” электр тармактарынан 2026-жылдын апрель-август айларында лимит боюнча 743,2 млн.кВт*саат электр энергиясы бекитилсе, 690,7 млн.кВт*саат пайдаланып, бекитилген лимиттен 52,5 млн.кВт*саат үнөмдөлдү.

Облустун калкына район, шаарларда жалпысынан 207,8 миӊ тонна көмүр-отун камдоо керектелсе, 21040 тоннасы, 10,1% камдалды. Облустун аймагында 186 көмүр сатуу түйүндөрү уюштурулган. Көмүрдүн бааларына тиешелүү органдар тарабынан көзөмөл жүргүзүлөт. Көмүрдүн тартыштыгы жана баасынын кескин жогорулашы жок.

Социалдык тармак боюнча: 2026/2027-жылдагы күз-кыш мезгилине облустун билим берүү тармагына жалпысынан 25521,6 тонна көмүр камдоо керектелсе, 4359,2 тоннасы, же 17,1% ташылды. Саламаттыкты сактоо тармагына жалпысы 4390,7 тонна көмүр керектелсе, 1011,5 тоннасы, же 23% ташылды. Көмүр ташуунун ушул жылдын 15-сентябрына камсыздоо тапшырмасы берилген.

“Жылуулук менен жабдуу” муниципалдык ишканаларына таандык 45 коммуналдык отканаларында оңдоо-түзөө иштери 90%га аткарылды.

“Жылуулук менен жабдуу” муниципалдык ишканаларына көмүр камдоого тендерлер боюнча Манас (2523тн), Кара-Көл (625тн) шаарлары келишим түзгөн, калгандары тендер ачылып, келишимдерди түзүү жүрүп жатат. Мазут менен камсыздоодо “Кыргызнефтегаз” ААКоому менен түз келишимдер түзүлөт. Манас (3000 тн) ,Кочкор- Ата (400 тн), Майлуу-Суу (2700 тн) МИ мазутка келишим түздү.

Жалпыга маалымдоо каражаттарын тартуу менен калк арасында энергияны үнөмдөө, алдыдагы жылытуу мезгилине карата отунду өз убагында даярдоо зарылдыгы жөнүндө түшүндүрүү иштери жүрүүдө жана 2026/2027-жылдын күз-кыш мезгилине чейин электр менен жылытуудан альтернативдүү булактарына (көмүр, газ, мазут) өтүү зарылдыгы жөнүндө кабарланууда.

Калкты көмүр менен камсыздоодо район-шаарлардын аймагында социалдык көмүр базаларын уюштурулууда. Токтогулда-4, Тогуз-Торо-2, Аксы-1 социалдык базалар түзүлгөн. Калган район-шаарларда жакынкы арада ачышат.

2026/2027-жылдардын күз-кыш мезгилинде стационардык отун базаларына жана көмүр сатуу пункттарына калк үчүн көмүрдү толук көлөмдө жеткирүүнү камсыз кылуу, зарыл болгон учурда пункттар жок калктуу конуштарда кошумча отун базаларын түзүү тапшырмалары берилген.

Куз-кыш мезгилин ийгиликтүү өткөрүүгө толук даярдыктар жүрүп жаткандыгын билдирет.

Бардык жаңылыктар
Облус 2026/2027-жылдардын күз-кыш мезгилине даярданууда