Нияз Мадиев УКМКнын Жалал-Абад облусу боюнча башкы башкармалыгынын жетекчиси болуп дайындалды
Кыргыз Республикасынын Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин Жалал-Абад облусу боюнча башкы башкармалыгынын жетекчиси болуп Мадиев Нияз Эшимканович дайындалды.
Бүгүн жаңы жетекчи облус активине тааныштырылды. Аны Кыргыз Республикасынын Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин төрагасынын орун басары – Антитеррордук борборунун директору Алишер Эрбаев тааныштырды.
Иш-чарага Кыргыз Республикасынын Президентинин Жалал-Абад облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн орун басары Исламбек Увайдиллаев катышты.
Белгилей кетсек, буга чейин аталган кызматты Саламат Сартов аркалап келген. Ал башка кызматка которулган.



