Жалал-Абад облусунда VI Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын алкагында өткөрүлгөн “Биримдик кербени” улуттук маданий жүрүшүнүн жана Кырчын жайлоосундагы “Көчмөндөр ааламы” этно-маданий шаарчасынын алкагында уюштурулган Эл аралык маданий “Этно-Базардын” уюштуруучулары жана активдүү катышуучулары сыйланды.
Иш-чарага Кыргыз Республикасынын Президентинин Жалал-Абад облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн орун басары Исламбек Увайдиллаев, Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат жана жаштар саясаты министрлигинин өкүлдөрү катышты.
Салтанатта Маданият министрлиги тарабынан “Биримдик кербени” жана “Этно-Базардын” уюштуруучулары жана активдүү катышуучуларына ыраазычылык кат, диплом жана медалдар тапшырылды.






