Официально

Тилек Текебаев Казакстандын Кыргызстандагы элчиси Абылкаир Скаков менен жолугушту

Бүгүн Кыргыз Республикасынын Президентинин Жалал-Абад облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Тилек Текебаев Казакстан Республикасынын Кыргыз Республикасындагы Атайын жана Ыйгарым укуктуу Элчиси Абылкаир Скаков менен жолугушту.

Жолугушуунун башында Тилек Текебаев кечээ, 24-сентябрда Казакстандын Каспий деңизинде аскер-деңиз күчтөрүнүн окуу-машыгуусу учурунда аскер кызматкерлеринин каза болушуна байланыштуу элчиге көңүл айтты.

Тилек Текебаев Кыргызстан менен Казакстанды тарыхый, маданий жана руханий байланыштар, жалпы каада-салттар, достук жана коңшулук мамилелер бириктирип турган боордош элдер экенин белгиледи.

Ошондой эле эки өлкөнүн стратегиялык өнөктөштүк жана союздаштык мамилелери бекемделип, социалдык-экономикалык байланыштар өнүгүп келе жатканын белгиледи. Ага байланыштуу Жалал-Абад облусу Казакстандын аймактары менен түз байланыштарды мындан ары да кеңейтүүгө кызыкдар экенин билдирди.

Облус башчысы ушул жылдын 29–30-октябрда Бишкек шаарында өтө турган Кыргыз Республикасы менен Казакстан Республикасынын II Аймактар аралык форуму эки өлкөнүн аймактарынын ортосундагы соода-экономикалык, инвестициялык жана гуманитардык байланыштарды кеңейтүүгө жаңы мүмкүнчүлүктөрдү түзөрүн белгиледи.

Тилек Текебаев Жалал-Абад облусунун экономикалык, инвестициялык жана туристтик потенциалы тууралуу маалымат берип, облус эки тараптуу бизнес-форумдарды уюштурууга даяр экенин билдирди.

Жолугушуунун жүрүшүндө тараптар эки өлкөнүн аймактарынын ортосундагы байланыштарды мындан ары кеңейтүү, соода-экономикалык жана инвестициялык кызматташтыкты өнүктүрүү, ошондой эле жаңы биргелешкен долбоорлорду ишке ашыруу боюнча пикир алышты.

Все новости