Официально

Тилек Текебаев Манас шаарындагы алты мектептин курулуш жумуштары менен таанышты

Бүгүн Кыргыз Республикасынын Президентинин Жалал-Абад облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Тилек Текебаев Манас шаарында Кыргыз Республикасынын Президентинин көзөмөлүндө, республикалык бюджеттин эсебинен курулуп жаткан алты мектептин курулуш иштеринин жүрүшү менен таанышты.

Облус башчысы алгач Р. Азимов көчөсүндө жайгашкан №13 орто мектептин 528 орундуу кошумча корпусунун курулушун көрдү. Андан соң Чолок-Терек айылындагы 375 орундуу №29 мектептин жаңы имараты жана Ак-Тилек кичи шаарчасындагы 375 орундуу №16 мектептин жаңы имараты менен таанышты. 

Ошондой эле Курманбек кичи шаарчасындагы Г. Мамбеталиев көчөсүндө жайгашкан 750 орундуу №15 мектептин жаңы имаратынын, Манас шаарындагы №5 мектептин 375 орундуу жана №21 мектептин 375 орундуу кошумча корпустарынын курулушунун жүрүшү каралды. 

Аталган мектептерде окуучулар үчүн заманбап шарттарды түзүүгө, билим берүү мекемелеринин материалдык-техникалык базасын жакшыртууга багытталган иштер аткарылууда.

Текебаев курулуш иштеринин сапатына жана белгиленген мөөнөттөрдүн сакталышына өзгөчө көңүл буруп, тиешелүү жетекчилерге объектилерди сапаттуу жана өз убагында бүткөрүү боюнча тапшырмаларды берди.

Белгилей кетсек, Манас шаарында курулуп жаткан алты мектептин бешөөнү ушул жылдын 15-октябрында пайдаланууга берүү пландалууда.

Ал эми Курманбек кичи шаарчасындагы Г. Мамбеталиев көчөсүндө жайгашкан №15 мектептин жаңы имаратынын курулушу жер кыртышы жана аба-ырайына байланыштуу жыл аягына чейин бүткөрүлүп, пайдаланууга берилет.

Все новости