Манас шаарында Кыргыз Республикасынын Президентинин Жалал-Абад облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Тилек Текебаевдин төрагалыгы алдында Регионалдык инвестициялык кеңештин кезектеги отуруму өттү.
Жыйынга райондук мамлекеттик администрациялардын жетекчилери, шаар мэрлери, мамлекеттик органдардын жана бизнес чөйрөсүнүн өкүлдөрү катышты.
Отурумда аймактагы инвестициялык долбоорлорду ишке ашырууга тоскоол болгон маселелер каралып, аларды чечүү жолдору талкууланды.
Анын алкагында Базар-Коргон районундагы эки инвестициялык долбоор каралды. Алардын бири — 90 млн сомдук инвестициянын эсебинен жумуртка багытындагы ири тоок чарбасын куруу долбоору болсо, экинчиси — Чкалов айылында таза сууну фильтрлөө, бөтөлкөгө куюу жана ичүүчү суу өндүрүүчү завод куруу долбоору.
Жыйындын жүрүшүндө аймактарда келечектүү өндүрүш зоналарын аныктап, алар үчүн зарыл болгон архитектуралык жана башка тиешелүү документтерди даярдоо, ар бир аймактын инвестициялык потенциалы боюнча маалыматтык база түзүү тапшырмалары берилди.
Ошондой эле инвесторлор туш болгон көйгөйлөрдү ыкчам чечүү, долбоорлорду ишке ашырууга көмөк көрсөтүү жана тиешелүү мамлекеттик органдардын ишин координациялоо зарылдыгы белгиленди.
Бул иштер инвесторлор үчүн керектүү маалыматтарды жана документтерди даярдоого кеткен убакытты кыскартып, инвестициялык долбоорлорду тез арада ишке ашырууга шарт түзөөрү кошумчаланды.
Талкууланган маселелер боюнча тиешелүү мамлекеттик жана жергиликтүү органдарга тапшырмалар берилип, алардын аткаруу мөөнөттөрү белгиленди.





