Президенттин Жалал-Абад облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн орун басары Исламбек Увайдиллаевдин төрагалыгында жашы жете электер арасындагы кылмыштуулуктун, укук бузуулардын, зордук-зомбулуктун жана суициддин алдын алуу маселелерине арналган жыйын өттү.
Жыйынга Жалал-Абад облусунун мусулмандарынын казысы Нематулла ажы Жээнбеков, район акимдеринин, шаар мэрлеринин социалдык маселелер боюнча орун басарлары, облустук жана райондук-шаардык мекеме-уюмдардын жетекчилери, ички иштер органдарынын, билим берүү тармагынын өкүлдөрү, эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция башкармалыгынын жетекчилери, жашы жете электер менен иштөө инспекторлору жана район, шаарлардын имамдары катышты.
Жыйында жашы жете электер арасындагы кылмыштуулук жана укук бузууларды, зордук-зомбулукту, суицидди, ошондой эле жол-транспорт кырсыктарын алдын алуу боюнча жүргүзүлүп жаткан иштер талкууланды.
Мында облус башчысынын орун басары тарабынан тиешелүү жетекчилерге жашы жете электердин коопсуздугун камсыз кылуу жана алдын алуу иштерин күчөтүү боюнча бир катар тапшырмалар берилди.








