Official

Ала-Бука районунда алма концентратын өндүрүүчү ири завод курулууда

Келишимге Кыргыз Республикасынын Президентинин Жалал-Абад облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Тилек Текебаев жана “Глобал Эко Грин” компаниясынын жетекчиси Изида Абдуллаева кол коюшту.

Учурда Ала-Бука районунда суткасына 500 тоннага чейин алма кабыл алып, кайра иштетүүгө жөндөмдүү жаңы заводдун курулушу жүрүп жатат.

Ишкана Аксы, Ала-Бука жана Чаткал райондорунда өстүрүлгөн алма түшүмүн кабыл алып, андан даяр продукция чыгарат. Өндүрүлгөн товарларды жакынкы мамлекеттерге жана Европа өлкөлөрүнө экспорттоо пландалууда.

Долбоорго жалпы 12 млн АКШ доллары өлчөмүндө инвестиция тартылат. Завод толук кубаттуулукта ишке киргенде 200дөн ашуун жаңы жумуш орундары түзүлөт.

Ыйгарым укуктуу өкүл Тилек Текебаев заводдун аймактын социалдык-экономикалык өнүгүүсүндөгү маанисине токтолуп, буга чейин каралбай келген алма түшүмүн кайра иштетүү багытындагы эң керектүү долбоорлордун бири экенин айтты. Ошондой эле, ишкерлерди колдоо багытында мамлекеттик органдар тарабынан ар тараптуу көмөк көрсөтүлөрүн кошумчалады.

All news
Ала-Бука районунда алма концентратын өндүрүүчү ири завод курулууда