Official

Жарандар менен телефон аркылуу түз байланыш уюштурулду

Түз байланыш Кыргыз Республикасынын Президентинин Жалал-Абад облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн аппарат жетекчиси Манасбек Базылбековдун жетекчилиги алдында өттү.

Анда облустун тургундары өздөрүнүн сунуш-пикирлерин жана көйгөйлөрүн билдиришти. Жарандардын кайрылуулары кабыл алынып, тиешелүү маселелерди кароо жана чечүү боюнча жооптуу жетекчилерге тапшырмалар берилди.

Жарандар менен түз байланыш Кыргыз Республикасынын Президентинин “Аткаруу бийлигинин жергиликтүү органдарынын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын жарандар менен иштөөсүнүн натыйжалуулугун жана калктын жашоо-тиричилигин камсыз кылуунун сапатын жогорулатуу боюнча чаралар жөнүндө” №181 Жарлыгын ишке ашыруунун алкагында уюштурулду.

All news
Жарандар менен телефон аркылуу түз байланыш уюштурулду