
Чаткал району
Аянт
4 608 км²
Тургун
28 656
Түзүлгөн жылы
1935
Сүрөттөмө
Чаткал району — Жалал-Абад облусунун батыш тарабында жайгашкан, тоолуу жаратылышы, кен байлыктары жана туристтик мүмкүнчүлүктөрү менен өзгөчөлөнгөн аймак. Райондун экономикасында тоо-кен өнөр жайы (алтын өндүрүү) негизги орунду ээлейт. Туризм тармагында Чаткалдын бийик тоолуу ландшафттары, өрөөндөрү, жайыттары жана тарыхый-маданий объекттери чоң мүмкүнчүлүк түзөт. Алардын бири — Каныш-Кыя аймагында жайгашкан Ыдырыс пайгамбардын күмбөзү болуп саналат.
Тарых
Чаткал жергесинин район болуп уюшулуп, атайын макамга ээ болгон мезгили 1935-жылдын 8-февралынан башталат, бул убакта ал азыркы Аксы районунан бөлүнүп чыккан. Административдик-аймактык реформалардын жүрүшүндө Чаткал району 1944-жылы жаңы түзүлгөн Талас облусуна берилип, 1954-жылы кайра Жалал-Абад облусуна кайтарылган. 1956-жылы район жоюлуп, аймагы Ала-Бука районуна кошулуп кеткен. 1990-жылдын декабрь айында Жалал-Абад облусунун калыбына келтирилиши менен Чаткал району кайрадан өзүнчө район катары түзүлгөн.
