Район

Базар-Коргон району

Аянт

2 021 км²

Тургун

201 126

Түзүлгөн жылы

1978

Сүрөттөмө

Базар-Коргон району – Жалал-Абад облусунун түндүк-батыш бөлүгүндө жайгашкан, жаратылыш байлыгы, айыл чарба өндүрүшү жана туристтик мүмкүнчүлүктөрү менен өзгөчөлөнгөн аймак. Райондун өзгөчө баалуулуктарынын бири – Арстанбап-Ата айыл аймагындагы дүйнөгө белгилүү жаңгак токойлору болуп саналат.

Тарых

Базар-Коргон районунун тарыхы терең. 1937–1978-жылдардын аралыгында Ноокен (мурдагы Масы) району менен бир нече жолу биригип, Ленин району деп аталган. 1978-жылдын 4-майында өзүнчө район катары кайрадан түзүлгөн. 2021-жылы райондун борбору Базар-Коргон айылына расмий түрдө шаар статусу берилген.