
Аксы району
Аянт
4 578 км²
Тургун
146 239
Түзүлгөн жылы
1928
Сүрөттөмө
Аксы району 1928-жылы Жаңы-Жол району болуп түзүлүп, 1991-жылы Аксы району болуп өзгөртүлүп тарыхый аталышына ээ болгон. Аксы району Жалал-Абад облусундагы жаратылышы өзгөчө кооз, тарыхый-маданий мурастарга бай жана туристтик мүмкүнчүлүктөрү кең аймактардын бири. Аймагында уникалдуу кайталангыс кооз Сары-Челек мамлекеттик биосфералык коругу, Падыша-Ата мамлекеттик коругу, Кара-Камыш көлү жана көп жылдык жаңгак токойлору орун алган. Аксы району — жаратылышынын кооздугу, уникалдуу ландшафттары, тоолору, токойлору, суулары, жайлоолору, тарыхый-маданий мурастары жана зыярат кылуучу жайлары менен айырмаланган өзгөчө аймак.
Тарых
• Аймактын тарыхы Тянь-Шандын байыркы соода жолдору менен тыгыз байланышкан. Совет доорунда 1928-жылдан баштап аймак Жаңы-Жол району катары өнүккөн. 1991-жылы эгемендүү Кыргызстандын тарыхый топонимикасын калыбына келтирүү алкагында районго өзүнүн тарыхый аталышы — Аксы кайтарылып берилген. Бул аймак кылымдардан бери келе жаткан мал чарбачылык салттары жана маданий мурастарды көздүн карегиндей сактап келгендиги менен белгилүү.
