Облустук маанидеги шаар

Кара-Көл шаары

Аянт

10,5 км²

Тургун

28 240

Түзүлгөн жылы

1962

Сүрөттөмө

Кара-Көл шаары Бишкек — Ош унаа жолунун боюнда, Нарын дарыясынын сол жээгинде жайгашкан. Шаардын эң башкы өзгөчөлүгү — анын гидроэнергетика тармагындагы жогорку квалификациялуу эмгек ресурстары жана адистери болуп саналат. «Энергетиктердин шаары» катары таанылган Кара-Көл Токтогул ГЭС каскадын тейлөөдө жана өлкөнүн стратегиялык ири ГЭСтерин курууда башкы ролду ойнойт. Шаардын ичинде тоолор менен курчалган Комсомол жана Пионер жасалма көлдөрү жайгашкан.

Тарых

Шаардын тарыхы Нарын дарыясынын энергетикалык потенциалын өздөштүрүү менен тыгыз байланыштуу. Алгач азыркы шаар жайгашкан жер Жазы-Кечүү деп аталган. Шаар 1962-жылдын 16-июнунда Борбордук Азиядагы эң ири Токтогул ГЭСинин куруучуларынын кыштагы катары негизделген. Совет доорунда ал бейрасмий түрдө "Нарындагы Комсомольск" деп да аталып келген. Кыргыз ССР Жогорку Советинин Жарлыгы менен 1977-жылдын 7-январында Кара-Көл шаарчасына облустук маанидеги шаар макамы берилген.

Кара-Көл шаары