Облустук маанидеги шаар

Манас шаары

Аянт

88 км²

Тургун

189 202

Түзүлгөн жылы

1877

Сүрөттөмө

Манас шаары (2025-жылга чейин — Жалал-Абад) – Жалал-Абад облусунун административдик борбору, аймактын коомдук-саясий, экономикалык жана маданий турмушунда маанилүү орунду ээлеген шаар. Аймак социалдык-экономикалык, инфраструктуралык, билим берүү, саламаттык сактоо, маданият, спорт жана башка кызмат көрсөтүү тармактарында көрүнүктүү натыйжаларга жетишип келе жатат. Шаардын аймагында Жалал-Абад курорту, Аюп тоосу сыяктуу жергиликтүү тургундар жана келген меймандар үчүн эс алуу, ден соолукту чыңдоо жана зыярат кылуу багытындагы белгилүү жайлар жайгашкан.

Тарых

Шаар алгач дарылык касиетке ээ минералдык булактардын жанында чакан конуш катары пайда болгон. 1877-жылдын октябрь айында ага расмий түрдө шаар макамы берилген. 1991-жылдан тарта кайрадан түзүлгөн Жалал-Абад облусунун административдик борбору болуп саналат. 2025-жылдын сентябрь айында Кыргыз Республикасынын Президентинин Жарлыгы менен улуттук идеологияны чыңдоо жана улуу манасчылык мурасты даңазалоо максатында Жалал-Абад шаары расмий түрдө Манас шаары болуп өзгөртүлгөн.

Манас шаары