Жаратылыш

«Падыша-Ата» мамлекеттик коругу

Падыша-Ата мамлекеттик коругу Аксы районундагы Кашка-Суу айылында жайгашкан. Ал жаныбарлардын ар кандай түрлөрүнүн компакттуу жашоосу жана ар кандай өсүмдүктөрдүн жамааттарынын өсүшү үчүн ыңгайлуу аймактардын бири. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2003-жылдын 3-июлундагы № 405 токтомуна ылайык, Падыша-Ата мамлекеттик коругу Кыргыз Республикасынын Кызыл китебине киргизилген уникалдуу арча токойлорун, Семенов пихтасын сактоо максатында уюштурулган. Коруктун жалпы аянты 30 миң 560 гектарды түзөт, анын 15 миң 846 гектары өзгөчө корголуучу аймак, 14 миң 714 гектары корголуучу аймак. Падыша-Ата коругунун климаты кышы мелүүн суук жана жайкы ысык менен мүнөздөлөт. Падыша-Ата гидрометеорологиялык станциясынын маалыматы боюнча июль айында абанын орточо температурасы +18,6°С, январдыкы -3,4°С. Ошентип, вегетация мезгили 204-218 күнгө созулат. Жазгы акыркы үшүк апрелдин экинчи декадасында байкалат, ал эми күзгү үшүк кээде октябрдын экинчи декадасында башталат. Коруктун аймагында жапайы жаныбарлардын жана канаттуулардын ар кандай түрлөрү жашайт. Падышата дарыясынын бассейнинин рельефи жана климаты жапайы фаунанын көптөгөн өкүлдөрү үчүн ыңгайлуу. Падыша-Ата коругу географиялык обочолонгондугу, биологиялык ар түрдүүлүктүн байлыгы, өзгөчө уникалдуу арча токою жана Кыргыз Республикасынын Кызыл китебине кирген Семенов пихтасы менен Батыштын жаратылыш-аймактык комплекстеринин эталону болууга татыктуу аймак.