“Шах-Фазил” тарыхый-маданий комплекси Жалал-Абаддын Ала-Бука районундагы Сафед-Булан айылында жайгашкан. Күмбөздөр 11-12-кылымдарда Караханиддер доорунда курулган. Комплексттин ичинде Шах-Фазилдин күмбөзү, баштар көмүлгөн күмбөз, Булан аттуу кыз коюлган “Сафед-Булан” күмбөзү жана башка сахабалардын мүрзөлөрү бар. “Шах-Фазиль” күмбөзү Фергана чөлкөмүнө ислам динин орнотуунун изи катары белгилүү. Уламыштар боюнча сахабалар 7-кылымдарда Фергана өрөөнүнө ислам динин орнотуу үчүн келгенде аларды мечитте кырып кетишкен. Кийин көмүлгөн жерден 2772 баш табылган деп айтылат. Сафед-Булан айылынын тарыхы да күмбөз менен байланыштуу. 11-12-кылымдарда Мухаммед пайгамбардын небереси Шах-Жарир чоң атасынын тапшырмасы боюнча 12 миң аскери менен Фергана өрөөнүнүн элине исламды жайылтуу үчүн келет. Жеринин кооздугуна карап Ала-Буканы жердеп калышат. Уламыш боюнча кандуу кагылыштан кийин арабдардын биринин кара терилүү жаш кызматчысы Боболон кесилген баштардын баарын чогултуп, аккан сууга жуума баштайт. Кудайга жагаарлык иши үчүн ал капкара кыздан аппак кызга айланат. Аны көргөндөр Сафед-Булан (Аппак-Боболон) деп аташат. Ошол замандан тартып ал жашаган кыштак анын атынан Сафед-Булан деп аталып калган.

Тарых





