Чаткал районундагы тоо башында жайгашкан байыркы кылымдарга таандык турак жай – Ыдырыс пайгамбардын күмбөзү деп аталып, Орто Азияда ыйык зыярат кылуучу жерлердин катарына кирет. Ага Кыргызстандан гана эмес, бүткүл Орто Азиядагы мусулман өлкөлөрүнөн да зыяратка келип турат. Ыдырыс пайгамбар ааламдагы үчүнчү пайгамбар. Адамзатына эң биринчи болуп кийим тигип, колуна калем кармап, жаза билген сабаттуу пайгамбар делет. Диний мазмундагы китептерде Ыдырыс пайгамбар табият менен өсүмдүктөрдүн сырын билген, дили таза, чынчыл инсан катары сүрөттөлөт. Уламыштарда ал он сегиз миң ааламдын сырын билип, асмандын сырларын Алла тааланын өзүнөн өздөштүргөн делет. Ошондуктан ага жараткан жер кыдырып, аалам кезип келүүгө уруксат берген. Мына ошондо Ыдырыс пайгамбар канчалаган жерлердин арасынан абасы таза, суусу мол Чаткалдын табиятына кызыгып келип, ал жерде туруп калган деген уламыштар азыр да эл оозунда айтылып жүрөт. Пайгамбардын күмбөзүнүн ичинде табыт коюлчу жерге окшоштурулуп жасалган жай бар. Бирок анын оозу ачык – бул жайда кабыр бар, бирок пайгамбардын сөөгү жоктугунан кабар берет. Зыяратчылар күмбөздү жан дүйнө менен жаратканды байланыштырган, бейишке жол ачылган ыйык жай катары кабылдашат.
Тарых




