
Арстанбап-Ата айыл аймагы
Тургун
51 000
Сүрөттөмө
Арстанбап-Ата айыл аймагы Жалал-Абад облусунун Базар-Коргон районунда жайгашкан. Аймак өзүнүн уникалдуу жаратылышы, дүйнөгө белгилүү жаңгак-мөмө токойлору, кооз тоолуу ландшафттары жана туристтик мүмкүнчүлүктөрү менен өзгөчөлөнөт. 2024-жылы административдик-аймактык реформанын алкагында Арстанбап, Кызыл-Үңкүр, Могол айыл аймактары жана Талды-Булак айыл аймагындагы Көк-Алма айылы бириктирилип, Арстанбап-Ата айыл аймагы түзүлгөн. Бүгүнкү күндө анын курамына 19 айыл кирет. Жалпы аянты 94 672 гектарды түзүп, 2026-жылдын башына карата туруктуу калкынын саны 51 миңден ашуун адамды түзөт. Аймактын экономикасынын негизин айыл чарбасы, мал чарбачылыгы, багбанчылык, жаңгак жыйноо жана туризм түзөт. Акыркы жылдары Арстанбап-Ата айыл аймагында инфраструктураны жакшыртуу, жолдорду оңдоо, көпүрөлөрдү куруу, муниципалдык кызматтарды өнүктүрүү жана калкка көрсөтүлүүчү мамлекеттик кызматтардын сапатын жогорулатуу багытында бир катар иштер жүргүзүлүүдө. Бул аракеттер аймактын социалдык-экономикалык өнүгүүсүнө жана туризм тармагын андан ары чыңдоого өбөлгө болууда.
