
Майлуу-Суу шаары
Аянт
122,16 км²
Тургун
27 031
Түзүлгөн жылы
1946
Сүрөттөмө
Майлуу-Суу шаары — Жалал-Абад облусунун курамындагы облустук маанидеги шаар. Шаар Майлуу-Суу дарыясынын өрөөнүндө жайгашып, аймактын социалдык-экономикалык өнүгүүсүндө өнөр жай тармагы өзгөчө орунду ээлейт. Шаардын өнөр жай тарыхында “Майлуу-Суу лампа заводу” өзгөчө мааниге ээ. Ишкана 1964-жылы ишке киргизилип, узак жылдар бою электр лампаларын жана жарык берүүчү продукцияларды өндүрүп келген. Учурда анын базасында индустриалдык парк түзүү боюнча мамлекеттик деңгээлде иштер жүргүзүлүүдө.
Тарых
Аймактын аталышы 1901-жылы алгачкы ачылган мунай ишканаларынан улам келип чыккан («Майлуу-Суу»). 1929-жылы бул жерде радиобарит кендери табылып, 1946-жылдан 1968-жылга чейин уран казылып алынган, ушундан улам Майли-Сай СССРдин жабык жашыруун шаарларынын бири болгон. 1956-жылы жумушчу кыштагына расмий түрдө облустук маанидеги шаар макамы берилген. Уран кендери жабылгандан кийин калкты жумуш менен камсыз кылуу максатында, 1964-жылы совет өкмөтү бул жерде атактуу электр лампа заводун куруу чечимин кабыл алган.
