Кыргыз жеринде ары кызыктуу, ары сырдуу тарыхый жайлар көп. Алардын ичинде түпкү мааниси ушул убакка чейин белгисиз бойдон келе жаткан, сыры толук ачыла элек аймактар бар. Алардын бири – Саймалуу-Таш петроглифтер галереясы. Ал Жалал-Абад облусунун Тогуз-Торо районунда жайгашып, деңиз деңгээлинен 3200-3400 метр бийиктикте жайгашкан. Ээлеген аймагы болжол менен 7-10 гектарды түзөт. Облус борборунан 200 чакырым алыстыкта жайгашкан. Саймалуу-Таш коругу дүйнөдөгү ири петроглиф галереяларынын бири болуп саналат. Ачык асман алдында жаткан жүздөгөн таштардын бетине түшүрүлгөн айрым белгилерди түшүнүү кыйын. Бирок жан-жаныбарлардын, адамдардын сөлөкөттөрү жана башка символдор кыргыздын ошол доордогу жашоо тиричилигин, маданиятын, коомго, жаратылышка болгон түшүнүктөрүн чагылдырат. Тарыхчылардын айтымында, андагы таш бетине түшүрүлгөн жазуулар, белгилер жана сүрөттөр 7-10 миң жыл мурда чегерилген.

Тарых







